Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия биринчилигинде кыргызстандык балбандар 14 медаль утту.

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бишкекте 11-16-апрелде өткөн күрөш боюнча Азия биринчилигинде кыргызстандык балбандар 14 медаль, анын ичинде 4 алтын, 3 күмүш жана 7 коло байге утту.

Эркин күрөштөн Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын, Айаал Лазарев (125 кг) күмүш, Алибек Осмонов (70 кг) менен Улукбек Жолдошбеков (65 кг) коло байге тагынды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Арууке Кадырбек кызы (55 кг) менен Гүлнура Таштанбекова (68 кг) коло утту.

Грек-рим балбандарынан Жоламан Шаршекбеков (60 кг) алтын, Акжол Махмудов (77 кг) менен Раззак Бейшекеев (67 кг) күмүш, Бекзат Орункул уулу (82 кг), Улан Муратбек уулу (55 кг) жана Эрлан Манатбеков (130 кг) коло медалга ээ болду.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *