“Бонецкий” лабораториясы пандемиядагы кымбат ПЦР тести үчүн 423 млн сом айыпка жыгылды
Мындай чечимди Антимонополия кызматы чыгарды. Маалыматта “Интелмед” ЖЧКсы 2020-жылдагы пандемия учурунда рыноктогу үстөмдүк абалынан пайдаланып, коронавирусту аныктоочу ПЦР тестирлөөгө кымбат баа коюп алгандыгы айтылат.
Лаборатория эми акчаны бюджетке которушу керек.