Акылбек Жапаров экономикадагы өсүш 2024-жылдын I кварталында 8,8% түзгөнүн айтып, жакшы жаңылыгы менен бөлүштү.
“Бул жөн гана сандар эмес, бул президенттин командасынын акыркы үч жылдагы талыкпас эмгегинин натыйжасы. Биз туура жолдо баратабыз. Мындан ары да мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүүгө жана капиталды өнүктүрүүгө көңүл буруп, алдыга жыла беришибиз керек”, — деген кабмин башчысы.