“Бейиш эненин таманында” тасмасы Россиянын ондогон шаарларында көрсөтүлөт

Соц.тармактарда бөлүшүү

Маданият министрлиги билдиргендей, орус тилине дубляждалган көркөм тасма прокатка 11-апрелде чыкмакчы.

Фильмде акыл-эси жаш баланыкындай болуп калган жигит менен улгайган апасынын жылуу мамилеси, айылдагы жашоосу, алардын Меккеге сапары көрсөтүлөт. Режиссер Руслан Акун тасманы Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Египет жана Меккеде тарткан.

Кино Казакстанда прокатка 21-мартта чыгып, рейтинги алдыңкы фильмдердин катарына кошулган. Өзбекстанда да 11-апрелде көрсөтүлөрү айтылды.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *