Сүлүктү шаарынын мэриясынын колдоосу менен дене тарбия жана спорт күнүнө карата 4-апрель күнү спорт кызматкерлеринин арасында шаардык дене тарбия жана спорт секторунун, балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин уюштуруусунда спорттун волейбол, стол үстүндөгү теннис жана аркан тартышуу оюндары боюнча мелдеш өттү.
Иш чаранын ачылуу салтанатына шаар мэри Б.Абдыжапаров, шаардык кеңешинин төрагасы М. Кутбидинов катышып спорт кызматкерлерине дем күч берип, каалоо тилектерин билдирип, Ардак грамота менен сыйлашты.
Спорттук мелдештердин катышуучуларын сыйлоо үчүн шаардык дене тарбия жана спорт сектору тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле ыйык рамазан айынын урматына сый тамак уюштурулду.