Быйыл Баткен облусунун түзүлгөндүгүнө 25 жыл толот. Бул салтанатка карата юбилейлик медаль чыгарылат.Медалдын эскизин даярдоо боюнча сынак жарыяланды.25 жылдык медалдын эскизинде Баткен облусунун өзгөчөлүктөрү камтылуусу керек.
Жеңүүчүлөргө
1-орунга 15000,
2-орунга 10000,
3-орунга 5000 сом акчалай сыйлыктар ыйгарылат.
Сынактын катышуучулары үстүбүздөгү жылдын 25 апрелине чейин КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Уюштуруу инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө тапшыруусу зарыл.
Дареги: Баткен шаары Т.Садыков көчөсү-1
Телефон: 0(3622)5-03-47, 0779 389321