ОРОЗОДО КАНТИП ТУУРА ТАМАКТАНУУ КЕРЕК?

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бул боюнча Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Айдарали кызы Айзада төмөнкүлөрдү айтып берди.
♦️Орозону туура кармаса, ден соолукка пайдалуу. Учурда бул боюнча көптөгөн иликтөөлөр жүргүзүлүп, адамдын ачка жүрүүсү да саламаттыка пайдалуу экендиги аныкталган. Куранда медицина сыяктуу эле орозону кимдер кармаганга болору же болбой турганы айтылган.
1. Илдети оорлор дарыланып жаткандыгына байланыштуу;
2. Бала эмизгендер жана кош бойлуулар;
3. Өтө улгайган жана кичинекей балдар (ачкалыкты көтөрө алышпайт);
4. Алыс жакка чыгып жол азабын тарткандар (келгенде улантса болот);
Орозону биринчи кармап жаткан адам ачкалыкка көнбөй кыйналышы ыктымал. Бирок бара-бара ага деле көнөт. Негизи орозо кармаган адамдын тамакка табити көп тарта бербейт. Өзгөчө белгилей кетүүчу нерсе Рациондон куурулган, майлуу жана туздуу тамактарды, кантты, ар түрдүү таттуу тамактарды (торт, пироженое ж.б.), минералдык сууларды, колдонбоого аракет кылуу зарыл. Орозо убагында мүмкүн болушунча тамактарды жѳнѳкѳйлѳтүүгѳ аракет кылуу керек. Тамак бул айда канчалык аз өлчөмдө желсе организм үчүн да ошончо көп пайда болот. Кечке чейин ачка калган ашказанды ооз ачуу убагында заматта толтуруп алуу организмге терс таасирин тийгизет.
Эң маанилүүсү мөмө жемиштерди көбүрөөк колдонууга аракет жасалыш керек.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *