Арис: Баткендеги бир катар айыл өкмөттөрүнө техникалык колдоо көрсөттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Баткен жана Талас облусундагы айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан, Үч-Коргон, Кыргыз-Кыштак жана Исхак-Полотхан айыл аймактарынын, Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарынын, Лейлек районунун Сумбула жана Бешкент айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнө офистик жабдууларды жана суу системасын тейлөөгө керектүү шаймандар тапшырылды.

Иш-чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, өкүлдүн орун басары Тимур Мадяров, “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” департаментинин Баткен облусундагы өкүлү, АРИСтин кызматкерлери, Кадамжай районунун Майдан, Үч-Коргон, Кыргыз-Кыштак жана Исхак-Полотхан айыл аймактарынын, Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарынын, Лейлек районунун Сумбула жана Бешкент айыл аймактарынын айыл өкмөт башчылары жана ушул эле айыл аймактарынын ичүүчү суу менен камсыздоо ишканаларынын жетекчилери катышты.

Жалпысынан 1 087 578 сомдук орг. техникалар жана суу системаларын эксплуатациялоого керектүү 3 403 800 сомдук шаймандар тапшырылды.

Демилгенин максаты аймактагы ичүүчү суу менен камсыздоо ишканаларынын техникалык базасын чыңдоо жана ичүүчү суу системаларын эксплуатация жана техникалык тейлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан “Баткен жана Талас облустарындагы айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Баткен облусунун 43 айылын таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Кабинет Министрлиги жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.

 

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *