77
Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөш 2024-жылы да уланат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2-январда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушкан учурда айтты.
«2023-жылы биз уюшкан кылмыштуу топтордун белин сындырдык. Мындан ары мамлекетибизде эч кандай уюшкан кылмыштуу топтор, бандиттер, кайсы бир кримтөбөлдөр болбойт. Мамлекетибиз мыйзамдуу, укуктуу, эркин мамлекет болот. 2024-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун кайсы бир мүчөлөрү калган болсо, аларды тыптыйпыл жок кылабыз»,- деди Ташиев.