Ошто 15 жаштагы Элербек дайынсыз болууда

Соц.тармактарда бөлүшүү

Ошто 15 жаштагы Элербек дайынсыз болууда


5

Ошто 15 жашар бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ноокат РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 8-декабрында Ноокат районунун Гулистан айыл аймагынын Чили-Сай айылынын жашоочусу 31.01.2008-жылы туулган
Рахманалиев Элербек Мадаминжонович саат 16:00дө жогоруда көрсөтүлгөн даректен чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Аталган окуя 2023-жылдын 9-декабрь күнү Ноокат РИИБДин маалыматтарды каттоо журналына катталып териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

Рахманалиев Элербектин боюунун узундугу 150-155 см, үстүндө кызыл джемпир, көк түстөгү фудболка, кара түстөгү шым, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим болгон.

Анын жакындары жалпы өлкө аймактарындагы жашоочулардан, өзгөчө Ош облусунун Ноокат районунун тургундарынан, сиздер жашаган аймактардагы кароосуз калган жерлерди дыкат карап, айланаңыздарга көз салып берүүңүздөрдү өтүнөт.

Эгерде аны көргөн билгендер болсо, төмөнкү уюлдук номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранат.
(03230) 52-102. 0776-30-31-03. 055730-31-07.

 

source


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *