"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

“95 дарыгердин жетишсиздиги ишибизге олуттуу таасирин тийгизүүдө”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Арзыбек Бөрүбеков, Баткен облусундагы Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча координатору:

“95 дарыгердин жетишсиздиги ишибизге олуттуу таасирин тийгизүүдө”

Баткен облусунда 95 дарыгер жетишпейт. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаеванын катышуусундагы жыйында айтылган болчу. Албетте, бул Баткен облусундагы саламаттыкты сактоо тармагынын эң көйгөйлүү маселеси. Кардиология, урология, эндокринология, нейрохирургия, онкологиялык адис дарыгерлердин жетишсиздигинен улам, Баткен облустук ооруканасында мындай бөлүмдөр жок. Ошондон улам жарандар көп убакыт, бөөдө каражат кетиришип, Бишкекке же Ошко барууга аргасыз болушууда.

Бул көйгөйдү чечүү максатында өкүл Айбек Шаменов:-“Баткен облусуна бардык шарттары жана заманбап медициналык шаймандары менен камсыз болгон имарат курулат” – деди дарыгерлер менен болгон жолугушуусунда.

Ушул жана башка медицина тармагына тиешелүү көйгөйлөр жөнүндө Баткен облусундагы Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдон сурадык.

– Арзыбек Курсаналиевич, Баткен облусу боюнча 95 дарыгер жетишпейт деген маселе жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды. Албетте, бул ойлоно турган маселе экен. Аны чечүүнү жолу барбы?

– Кадр саясаты чынында эле бизде оор бойдон калууда. Мындан бир аз мурда эле 95 эмес, 110 дарыгер жетишпейт эле. Бул көйгөйдү чечүү боюнча ар дайым маселе көтөрүп, министрликке чейин айтып жатабыз. Баткендеги дарыгерлердин жетишсиздиги биздин эле эмес, өкүлчүлүктүн, министрликтин дагы көзөмөлүндө турат. Жаш дарыгерлерлерди тартуу аракетин ар дайым жүргүзүп келебиз. Бирок, айлык маяна көтөрүлгөнү менен жаштар келип иштөөгө кызыкдар болбой жатышат. Алардын көпчүлүгү Туркия жана Орусия өлкөлөрүнө кетип калышууда.

Дарыгерлерге болгон эң көп муктаждык Кадамжай районунда. Ал жакка педиатр, Үй бүлөлүк дарыгер, акушер-гинеколог, хирургдар жетишпейт. Ушундай эле көйгөй Лейлекте, Баткенде да бар. Өзгөчө кардиолог, уролог, эндокринолог, нейрохирург, онколог сыяктуу адис дарыгерлердин жетишсиздиги өкүнүчтүү. Ошондуктан, ушул дарыгерлерге муктаж болгон жарандар Ошко, Бишкекке барууга аргасыз болушууда. Биз бул боштукту толтуруу үчүн дарыгерлерди даярдап жаткан окуу жайлар менен келишим түздүк. Буюрса, бюджетте окуган жергиликтүү жаш дарыгерлерди алып келебиз. Алардын туруктуу иштеп калуусу үчүн жеңилдетилген депозиттер менен үй жайын камсыз кылып иш берүүнү сунуштап жатабыз.

Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жаңыдан куруу планы барбы?

-Бар. Жакында жаңыдын ишке киришкен, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укукту өкүлү Айбек Шаменов облустук оорукананын эмгек жамааты менен жолугушканда жаңы, акыркы үлгүдөгү заманбап, көп кабаттуу облустук оорукананын курулаары жөнүндө жакшы кабар айтты. Биздин облустук оорукананын шарты менен таанышып чыккан өкүл, биздин көп жылдардан бери чечилбей келген көйгөйүбүздү туура түшүндү. Буюрса, облустук оорукана курулат деген жакшы маанайда турабыз. Жакшы ой, жарым ырыс демекчи мындай шарттар түзүлсө, өзүбүздө кардиология, урология, онкология сыяктуу бөлүмдөр ачылып, баткендиктерди башка жакка жөнөтпөй эле ушул жерде дарылоо мүмкүнчүлүгүнө жетишебиз. Мындан тышкары, быйыл өлкө боюнча Өкмөт тарабынан курулуучу 20 оорукананын үчөөсү биздин Баткен облусуна, тактап айтканда, Баткенге, Кызыл-Кыяга, Лейлекке курулат. Бул курулуш ишке ашып калса, бейтаптар үчүн да, ак халатчандарга да жакшы шарттар түзүлмөк. Ошого удаа эле ооруканын 150 миллион сомдук долбоору.менен балдар ооруканасын да курууну пландап жатабыз.

– СПИД жана Судмедэкспертиза үчүн да жаңы имарат керек деп айкан жайыңыз бар эле?

– Ооба, СПИД жана Судмедэкспертиза үчүн да жаңы имарат керек. Алардын өзүнчө имараты жок. Буга чейин үйлөрдү арендага алып иштеп келген. СПИД менен күрөшкөндөр өздүгүн ачыктабаш үчүн дарыгер менен сүйлөшүүчү каналар жок. Ошондой эле Судмедэкспертиза болсо, облустук ооруканын ичинен каналарды бөлүп бергенбиз. Шарты ушундай болуп жатат. Негизи жумуш үчүн мыкты шарт толук имаратка муктаж ишканаларыбыздын катарында турушат.

Р.S.

Маалым болгондой дарыгерлер менен камсыз кылуу курч бойдон калууда. Айтмакчы, быйыл саламаттыкты сактоо тармагында жаңы имараттар курулаары белгилүү болду. Жаңы имараттар түшкөнү менен дарыгерлер менен камсыздабаса бул көйгөй чечилбейт. Мындай көйгөйдү жаңы министр кандай чечет мезгил көрсөтөт…

Жибек Абдуллабаева “Баткен таңы”

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version