"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

73 жаштагы баткендик жөө күлүк Бишкекке жетти

Соц.тармактарда бөлүшүү

Үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында Баткен районунун Бужум айылынын тургуну 73 жаштагы Абдибакир Имаров Баткен шаарынан Бишкек шаарына жөө жүрүшкө чыккан. 73 жаштагы карыя бул жүрүшүн Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына жана Баткен облусунун  25 жылдыгынын урматына арнаган. Коомдук ишмер, мыкты мугалим катары таанымал Абдибакир Имараов  25 күндө тактап айтканда бүгүн,  5-декабарда Бишкек шаарына жетти.


Аба ырайынын кандай гана катаал учурларына карабастан айтылуу ашууларды ашып, миң чакырым жүрүш жасаган мекенчил инсан өлкөнүн өнүгүү багыты байсалдуу болсун, элибиз бак-дөлөттүү өмүр сүрсүн. Ала-Тоо аймагында ар дайым биримдик, тынчтык, тилектештик болсун деген максатты көздөгөн.
Анча-мынча жаштар жасай албаган жүрүштү жасаган мекенчил карыянын ден-соолугу чың, маанайы жакшы.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version