"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

3-ДЕКАБРЬ – МАЙЫПТАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кызыл-Кыяда 3-декабрь – майыптардын эл аралык күнү белгиленди.  Бул  күндүн урматына  майыптыгы бар жарандар үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду. Кызыл-Кыя шаардык мэриясынан билдиргендей бул иш чарага мэр А.Маткалыков, шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Аматов катышып, каалоо тилектерин айтып куттуктап келишти.
Шаар мэри өз сөзүндө- Жараткан сүйгөн пенделерине сыноо берээрин баса белгилеп,- ден соолугунан мүмүнчүлүгү чектелгендерди карап, аларга аяр мамиле жасоо менен коомдук турмушка авктивдүү аралаштырып келе жаткан энелерге ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Аталган саамалыктын алкагында ден-соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, тарабынан акчалай сыйлык берилип, дасторкон жайылып, маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.
Маалымат үчүн: БУУнун Башкы ассамблеясынын 1992-жылдын 14-октябрындагы 47/3 резолюциясына ылайык, Эл аралык майыптар күнү бүткүл дүйнө боюнча 3-декабрь күнү белгиленет.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version