"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү белгиленди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Ар бир бала жылмайып жүрсүн!


Баткен шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган 3-декабрь Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө карата колдоо көрсөтүү иш чарасы болуп өттү. Иш чарага Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, шаардык кеңештин төрагасы Алтынбек Аширов, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Сүйүн Сатыбалдыев, «Чудо парк» балдардын оюн зоок жана эс алуу паркынын жетекчиси Шазаткан Ураимова, «Айжан» коомдук фондунун төрайымы Чынара Ахмедова, Орусия мамлекетинде эмгектенип жатышкан Баткен облусунун жарандарынан түзүлгөн «Өрүкзар» коомдук фондунун уюштуруучулары жана бир топ мекеме – ишканалардын жетекчилери катышышты.
Иш чара шаардагы «Чудо парк» балдардын оюн зоок жана эс алуу паркында өткөрүлдү. Ага Баткен шаарындагы «Нур» балдарды калыптандыруу борборунун тарбиялануучулары чакырылып, атайын белектер, материалдык колдоолор көрсөтүлдү.
Мекеме-ишканалардын жетекчилери балдар үчүн керектелүүчү окуу куралдарын, оюнчуктарды белек кылышып, акчалай дагы колдоо көрсөтүштү.
Ал эми «Өрүкзар» коомдук фонду балдарга атайын шириндиктер жана таттуулар менен чай беришип, Баткендин ырчы жигити Алайбек Абубакировдун аткаруусунда бөбөктөр үчүн ырлар жаңырды.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version