"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

22-майда тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргызгидрометтин  маалыматына ылайык  22-майга караган түнү Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
 Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20.
Бишкекте  түнкүсүн +11…+13, күндүзгү +20…+22
Ал эми өлкөнүн түштүк аймактарында Баткен, Ош, Жалал-Абадда  түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28  градус  жылуу болот!


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version