Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, окуу 2-сентябрда башталып, 26-майда аяктайт.
Каникулдардын графиги:
Күзүндө балдар 4-10-ноябрга чейин 1 жумага тарайт. Сабактар 11-ноябрда башталат
Кышкы каникул 30-декабрдан 2025-жылдын 12-январына чейин уланып, балдар 2 жумага тарашат. Сабактар 13-январда башталат
Жазгы каникул 17-23-мартка чейин 1 жумага созулат. Окуу 24-мартта башталат.
Мектепке чейинки “Наристе” даярдоо программасы боюнча окуган 6 жаштагы балдарга III чейректе каникул кошумча эки жумага узартылат. Ал эми 1-класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумага узартылат.
Бул график жеке менчик мектептерге да тиешелүү.