2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт
Алишер Колдошов, Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткен облусундагы атайын өкүлү: «17-сентябрдан шайлоо аракеттери башталды»
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 6-сентябрында “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таратуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгына кол койду. Президенттин чечими менен шайлоо 17-ноябрда өтөт. Бул тууралуу БШКнын Баткен облусундагы атайын өкүлү Алишер Колдошов төмөнкүлөрдү айтып берди.
– Алишер Камбарович, алгач 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
– Өзүңүздөргө маалым болгондой Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 2024-жылдын 6-сентябрында “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таратуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгарылды.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын бардык (таратылууга жаткан жергиликтүү кеңештердин тизмеси) жергиликтүү кеңештери таркатылды.
Кеңештерди таркатуу кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде администрациялык-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу каралууда.
Президенттин чечими менен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо, жекшембиде 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган.
– Шайлоого кандай даярдыктар жүрүп жатат?
– Жогоруда биз белгилеп өткөн Президенттин Жарлыгынын алкагында 2024-жылдын 17-сентябрынан шайлоо аракеттери башталды.
Учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону уюштуруу, шайлоочуларды эсепке алуу, тизмелерди тактоо, добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо жабдууларын коопсуз сактоону камсыз кылуу, жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү колдонуунуну камсыз кылуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат.
Ошондой эле калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүүдө зарыл чараларды кабыл алууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүп жатышат.
– Азыркы шайлоодо кандай өзгөрүүлөр бар?
– Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2024-жылдын 2-августунда «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлуп, ал расмий жарыяланып 2024-жылдын 6-августунан тартып күчүнө кирген.
Кабыл алынган Мыйзам менен шайлоону өткөрүүнүн негизги тартибин өзгөртүү каралган эмес: шаардык кеңештер мурдагыдай эле пропорциялуу система боюнча – партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аркылуу, ал эми айылдык кеңештерде шайлоо – көп мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.
Ошондой эле шаардык кеңештерге шайлоодо преференциалдык добуш берүүгө өтүү жана босого чекти 5%га чейин төмөндөтүү, айылдык кеңештерге талапкерлер үчүн күрөөнү жокко чыгаруу ж.б боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди.
– Канча участкада шайлоо өтөт?
– КР Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы Жарлыгына ылайык, Баткен облусунда 6 шаардык, 35 айылдык кеңештери таркатылды.
Мындан улам Кызыл-Кыя, Кадамжай, Айдаркен шаардык кеңештери жана Кадамжай районунун 8 айылдык кеңештеринде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалды.
Ал эми Жарлыкта белгиленгендей, Баткен жана Лейлек райондорунун, Баткен облусунун Баткен жана Сүлүктү шаарларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо административдик-аймактык реформанын алкагындагы өзгөртүүлөрдү мыйзамдык жактан жөнгө салууну эске алуу менен өткөрүлөт.
2024-жылдын 17-ноябрында Баткен облусу боюнча 219 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт.
Даярдаган: Гүлчехра Тажибаева