"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

1-ИЮЛДАН ТАРТА КИМДЕРДИН ПЕНСИЯСЫ КӨБӨЙӨТ?

Соц.тармактарда бөлүшүү

Соцфонд 1-июлдан тарта кимдердин пенсиясы көбөйө турганын түшүндүрдү

Соцфонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов “Биринчи радиого” маек берип, анда пенсия чегерүүдө кандай өзгөрүүлөр болорун айтып берди.

▪️Мурда пенсияга чыгуу үчүн эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынса, 1-июлдан баштап 5 эле жыл талап кылынат. Беш жылдык эмгек стаж менен пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнөт

▪️Буга чейин стаж толук болбогон учурда пенсия теңдемелүү эсептелип келген. Маселен, 58 жаштагы аял пенсияга чыгарда 10 жыл эле иштеген болсо, мурда 3 170 сомдун базалык бөлүктүн жарымы гана төлөнчү. Июлдан тарта толук төлөнүп калат

▪️1-июлда бардык пенсионерлердин пенсиясы көтөрүлбөйт. Базалык бөлүгү толук болбой калгандардын, аз пенсия алгандардын базалык бөлүгү толукталат. Мисалы, 2 миң алып жүрсө, анын үстүнө кошулуп, 3 170ден кем болбой калат

▪️2-этап боюнча октябрдан баштап баарынын пенсиясы жогорулайт. Башкача айтканда, эң аз деген пенсия 6800дөн кем болбойт.

▪️1-октябрдан тарта көп пенсия алгандардыкы камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйөт, ал эми аз алгандардыкы 6800гө жеткирилет.

Кыргызстанда эркектер пенсияга 63 жаштан, аялдар 58 жаштан чыгат.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version