АИВ/ ЖИКСке каршы күрөшүү күнү Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда белгиленди. Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан билдиргендей
бул иш чара СПИДке каршы күрөшүү борборунун медицина кызматкерлери тарабынан уюштурулду.

Маалым болгондой иш чараны КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исаков Жаныбек Маматович жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кыдырова Кишимжан Абдыкадыровна ачып берди. Андан соң сөздү Баткен областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, облустук координатор Бөрүбеков Арзыбек Курсаналиевич сөз сүйлөдү. Ошондой эле учурдагы АИВ/ ЖИКС боюнча кырдаал боюнча СПИДке каршы күрөшүү борборунун директору Балтабаев Авазбек Мамасабырович кеңири маалымат берди.
Бул күнү Баткен шаарындагы көркөм сүрөт мектебинин окуучулары сүрөт галереясын уюштурду. Жыйынтыгында эң мыкты деп табылган сүрөттөргө УЛЛУТУК КЫЗЫЛ АЙ КООМУНУН БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.